Жогорку билимиң болбосо депутат болбо! Консотко кайрылышты

Жогорку билимиң болбосо депутат болбо! Консотко кайрылышты

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамында депутат болуу үчүн жогорку билим керек. Бул норма басмырлоого жатат деп Конституциялык сотко Ата Мекен партиясынын мүчөлөрү кайрылышкан. Бул туурасында аталган партиянын фейсбуктагы расмий баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, добуш берүүгө укугу бар жарандардын 20% га жакыны гана жогорку билимге ээ. Ушул жылдын августунда күчүнө кирген Конституциялык мыйзамдын бул жобосу басмырлоочу мүнөзгө ээ жана 80% жарандардын укуктарын чектейт. Бул жалпысынан демократиялык мамлекеттин принциптерине каршы келет.

Парламент өкүлчүлүктүү орган катары коомдун бардык катмарынын кызыкчылыгын чагылдырышы керек. Ар бир жаран, билим деңгээлине, тегине, социалдык абалына карабастан, мамлекеттик бийликтин өкүлчүлүктүү органына шайланууга укуктуу жана ошону менен Конституцияда белгиленген элдин бийлиги принцибин ишке ашыруу керек.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>