Жогорку Кеңештин мурдагы 11 төрагасы өлкөдө болуп жаткан саясий кырдаал боюнча билдирүү жасашты

Жогорку Кеңештин мурдагы 11 төрагасы өлкөдө болуп жаткан саясий кырдаал боюнча билдирүү жасашты

Жогорку Кеңештин мурдагы 11 төрагасы өлкөдө болуп жаткан саясий кырдаал боюнча билдирүү жасашты.  Анда Медеткан Шеримкулов, Алмамбет Матубраимов, Мукар Чолпонбаев, Абдыганы Эркебаев, Алтай Бөрүбаев, Муратбек Мукашев, Марат Султанов, Айтибай Тагаев, Зайнидин Курманов, Исхак Масалиев, Акматбек Келдибековдор экс-президент Алмазбек Атамбаев тарабынан уюштурулуп жаткан митингдерге тынсызданып жатканын билдиришкен. Алар билдирүүнү кечээ, 4-июлда таратышты.

«Президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы досу жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кызыкчылыгынан эл менен мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койду. Атамбаевдин алдын ала ойлонулган кыйтыр жана элге каршы саясаты: өзүн уккан президентти, өкмөт башчыны бийликке коюп, өлкөнү өзүм башкарам деген планы ишке ашпай калды. Кыргызстандагы коррупцияга каршы күрөш Атамбаевдин кылмыштуу фактыларын аныктады. Жогорку Кеңеш мурдагы президентти кол тийбестиктен ажыратканы Башкы прокуратурага тергөө иштерин баштоого шарт түздү. Атамбаев буга чейин «мыйзам алдында баары бирдей, ууру түрмөдө отурушу керек» деп айтканы менен өзү аны моюнга албай турганы көрүнүп калды», — дейт билдирүүдө.

Мындан тышкары экс-президент Алмазбек Атамбаев мыйзамдан өзүн жогору коюп, мыйзам чегинде сурак берүүдөн качып, мыйзамга каршы аракеттерге барып жатканын сынга алышып, аны сотто актыгын далилдөөгө чакырышты. Ошондой эле спикерлер учурда өлкөдө көп көйгөйлөр бар экенин, алар Атамбаевдин тушунда андан бетер күчөп кеткенин белгилешти.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>