Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Ысык-Көлдөгү лагерде 2 адамды атып өлтүргөн кылмышкер барымтадагы аялды кое берди
05.07.2019 | 13:34
Ысык-Көлдөгү “Хан-Теңири” альпинисттик лагеринен 2 адамды атып өлтүргөн адам барымтадагы аялды кое берди. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
“Аял эч кандай жабыркаган эмес, аны кылмышка шектүү өзү кое берген. Ал лагерге кайтып келди. Учурда милиция жана чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан шектүүнү кармоо иштери жүргүзүлүүдө”, – деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, лагердин күзөтчүсү Сергей Смирнов “Вепрь” үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен лагердин жетекчи орун басарын жана ошол жерде иштеген кызматкерди атып өлтүрүп, бир аялды барымтага алып качып кеткени бүгүн, 5-июлда кабарлаган.
Рубрики: Окуялар