Жогорку Кеңеш чек арада жашаган элге курал берүү мыйзамын кабыл алды

Жогорку Кеңеш чек арада жашаган элге курал берүү мыйзамын кабыл алды

Жогорку Кеңеш 20-октябрда “Кыргыз Республикасынын коргонуу жѳндѳмүн камсыз кылуу чөйрөсүндѳгү айрым мыйзам актыларына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды.

Мыйзам долбоору 7-октябрда каттоодон өткөн. Комитеттин жыйынында жана парламенттин жыйынында мыйзам долбоору жабык эшик артында каралды.

Мыйзам долбоорго ылайык, «Мобилизациялык даярдык жана мобилизация жөнүндө», «КР жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө», «Курал жөнүндө» жана «Чек ара ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө» мыйзамдарына өзгөртүү киргизилет.

Анын алкагында курал берүүдөн сырткары, керектүү учурда президентке аскердик абал киргизбей туруп эле жарым-жартылай мобилизация жарыялоого уруксат берилет.

Демилгечилердин бири Марлен Маматалиев мыйзам долбоору Кыргызстандын чек ара аймактарын коргоо, өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоо жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатында иштелип чыкканын билдирген.

Анын айтымында, документте зарыл болгон учурда мобилизицияга барууну каалагандарга мыйзамдын негизинде мүмкүнчүлүк түзүү маселеси камтылган. Мындан тышкары курал берүүгө байланыштуу мыйзамга дагы өзгөртүү киргизүү сунушталган.

Депутат чек арада жашаган элге курал берүүнү сунуштады

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>