Жогорку Кеңеште Марлен Маматалиев менен Султанбай Айжигитов урушуп кетти  

Жогорку Кеңеште Марлен Маматалиев менен Султанбай Айжигитов урушуп кетти  

Жогорку Кеңештин депутаттары Султанбай Айжигитов менен Марлен Маматалиев алтын кендеринин үлүшү канча-канчадан бөлүнүшү керек деген ача-пикир жаралып соңунда экөө уруша кетти.

Айжигитов фракциянын 10 мүнөттүк убактысын алып бул мыйзам долбооруна каршы пикирин билдирип, анын кемчиликтерин сынга алды.

Бул жемкорлук аракет. 70 пайыз мамлекетке, 30 пайыз инвесторго калышы керек”— деди Айжигитов.

Ал ортодо Марлен Маматалиев бул сындарды четке кагып, өзүнүн жүйөлөрүн келтирди.

Биздин аксакалдарыбыз жаштарга акыл үйрөтсө жакшы болмок. Тилекке каршы андай болбой жатат. Султанбай Айжигитов аксакал, сиз башка маселе боюнча айтып жатасыз. Сиз айтып жаткан маселе 4-маселе болуп каралат. Андай болгон күндө да 30 пайыздан кем эмес деп жатабыз. Мында балким аукциондун негизинде балким, 70-80-90 пайызга чейин чыгып кетээр. Андан маселе жок”— деди Маматалиев.

Бул жооптон соң Айжигитов ортоңку катарга чыгып Маматалиевге кайрылып, анын жообуна жооп кайтарды.

Мына ушул маселени көтөрүп жаткан азыркы жаш саясатчылар. Келечектеги премьер-министр, президенттер ушулар. Жаш саясатчылардын көтөрүп чыгып жаткан маселелерин көз-караштарын көрүп отуруп Кыргызстандын эртеңинен күмөн санай баштадым. Силер 30 пайыздан кем эмес деп соодалашууга жол ачып жатасыңар, бул коррупциялык жолго алып барат. Так эле 70 пайыз мамлекетке, 30 пайыз инвесторго калат деп жазышыбыз керек”— деди.

Депутаттар бул талашка арачага келип, экөөнүн талашына чек коюуга аракет кылышты. Алтын кендерин мамлекетке 30 пайыз, инвесторго 70 пайыз үлүш берилсин деген мыйзам долбоору талкууга түштү.

Депутат: Кыргызстанды эли менен кошо 70 пайыз үлүшүн сатып жиберели

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>