Кыргызстанда 2027-жылдан тарта айрым пенсиялар жогорулайтИзраилдеги шайлоо: рекорддук катышуу, бирок эч бир блок көпчүлүккө ээ боло алган жокЖапония Кыргызстанга жол куруу техникаларын алуу үчүн 533 млн иен грант бөлдүКыргызстан менен Кытай суу чарба адистерин биргелешип даярдайтЖКнын пленардык жыйынына депутаттардын жарымынан азы катышууда — сүрөтПрезидент V Элдик курултайды уюштуруу комитетинин курамын өзгөрттү
Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогула албай коюшту – видео
26.11.2021 | 16:21
Бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогула албай калышты. Күн тартибинде депутаттар Төрөбай Зулпукаров менен Асылбек Жээнбековду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берүү боюнча башкы прокурордун сунушун кароо боюнча депутаттык комиссия түзүү маселеси каралмак.
Жыйынга сегиз гана депутат келип, каттоодон бешөө гана өттү.
Вице-спикер Аида Касымалиева кворум чогулат деп үмүт кылып, тыныгуу жарыялады. Бирок эл өкүлдөрү жумушка келүүгө макул болгон жок. Маселелерди кароо кийинки жыйынга жылдырылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат