Жогорку Кеңештин депутаттары Швейцарияга барышты. Максаты

Жогорку Кеңештин депутаттары Швейцарияга барышты. Максаты

Жогорку Кеңештин депутаттары Швейцарияга болгон жумушчу сапарынын алкагында БУУнун Башкы катчысынын орун басары Татьяна Валова менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 3-июлда Швейцарияга болгон жумушчу сапарынын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттары Данияр Төлөнов, Улан Примов, Камила Талиева, Айбек Алтынбеков, Абдыбахаб Боронбаев жана Акылбек Түмөнбаев БУУнун Башкы катчысынын орун басары, БУУнун Женевадагы кеңсесинин башкы директору Татьяна Валова менен жолугушту.

Жолугушууда депутаттар БУУ менен ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн, ошондой эле Кыргызстандын 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарын (ТӨМ) ишке ашырууда уюмдун колдоосунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Мындан тышкары, делегация Кызыл Крест жана Кызыл Жарым ай коомдорунун Эл аралык федерациясынын Башкы катчысы Джаган Чапагеин менен жолугушту.

Кызматташтыктын перспективдүү багыттары боюнча пикир алмашуу болду. Мындан тышкары, тараптар Кыргызстанда КК жана ККЭФдин Борбордук Азия боюнча аймактык өкүлчүлүгүн ачуу маселесин талкуулашты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>