24 жаштагы келинди мурдагы күйөөсү бычактап өлтүргөн. Соттун өкүмү

24 жаштагы келинди мурдагы күйөөсү бычактап өлтүргөн. Соттун өкүмү

Жалал-Абадда мурдагы аялын мыкаачылык менен өлтүргөн адам 15 жылга соттолду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук соттон билдиришти.

Облустук соттун өкүмү Жогорку соттун сайтына жайгаштырылган.

Белгилүү болгондой, окуя былтыр 27-августка караган түнү Кочкор-Атада болгон. 27-августта болжол менен саат 02:40та 33 жаштагы айыпталуучу Асан (аттар өзгөртүлдү) мас абалында мурдагы аялы Алтынай иштеп, жашап жүргөн кафеге келген. Анын жанында бычагы болгон. Мурдагы жубайын уктап жаткан жеринен ойготуп, бычак менен коркутуп сыртка алып чыгып, өзгөчө мыкаачылык менен бир нече жолу бычак сайган. Кафенин ээси жардамга келе жатканда окуя жеринен качып кеткен. Экспертизанын жыйынтыгы көрсөткөндөй, маркумдун денесине 22 жолу бычак сайылган.

Маркум 24 жашта болгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан шектүү кармалып, ага Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүмүнүн 7-пункту (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча айып тагылган.

Иш алгач райондук сотто каралып, 2022-жылдын 20-декабрында Асан 15 жылга соттолгон. Жаза өтөө мөөнөтү 2022-жылдын 27-августунан тарта эсептелген. Айыпталуучу райондук соттун өкүмү менен макул болбой, Жалал-Абад облустук сотко кайрылган.

Ал соттук отурумда күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алып, мурдагы жубайын атайылап өлтүрбөгөнүн, кызганычтын айынан кылганын билдирген. Анын айтымында, ал окуя учурунда эс-акылын жоготуп, аялын кайсы жерге бычак сайганын билбей калган. Асан райондук сот ага катаал жаза бергенип айтып, облустук соттон жеңил жаза сураган.

Ошол эле учурда жабырлануучу тарап менен прокурор айыпталуучунун өтүнүчүнө каршы пикир билдирип, райондук соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырууну суранган.

Экспретизанын жыйынтыгына ылайык, айыпталуучу эч кандай психикалык оору менен оорубайт, окуя учурунда аффект абалында болгон эмес жана кыймыл-аракетине жооп бере алган.

Быйыл 7-мартта облустук сот ишти карап, райондук соттун айыпталуучуну 15 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.

Соттолгон жаран А.И.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>