Жогорку Кеңештин депутаттары зомбулукка каршы акцияга катышты

Жогорку Кеңештин депутаттары зомбулукка каршы акцияга катышты

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев баштаган депутаттар тобу “Биздин добуш” коомдук фонду менен бирге 16 күндүк зордук зомбулукка каршы уюштурулган акцияга катышышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев, акциянын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, учурда зомбулук үчүн жаза күчөтүлгөнүн белгиледи.

«Тилекке каршы, учурда балдарга жана аялдарга карата жасалган зордук-зомбулук учурлары көп кездешүүдө. Мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн жалпы эл аракет кылуусу керек. Ал эми коомду, жаштарды аң сезимдүү жашоо образына тартууда ушундай иш-чаралардын өтүп туруусу абдан маанилүү. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан зордук-зомбулукка каршы мыйзамдар сунушталып, зөөкүрлүккө жазалар күчөтүлгөн. Азыр зомбулук жасаган кылмышкер 17 жылдан өмүр бою эркинен ажыратылат», — деди Нурланбек Азыгалиев.

Футболдук беттеш жаштар өкүлчүлүгү жана депутаттардын ортосунда «Газпром» спорт ордосунда болуп өттү.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>