Сирияга барып келген: Эки жаран диний-экстремисттик уюмдан чыкты

Сирияга барып келген: Эки жаран диний-экстремисттик уюмдан чыкты

Кыргызстандын эки жараны диний-экстремисттик уюмдун мүчөлүгүнөн баш тартышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызмты билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК Кыргызстандагы диний-экстремисттик жана террористтик уюмдарга каршы аракеттенүү боюнча алдын алуу-профилактикалык иш-чаралардын алкагында абактарда жазасын өтөп жаткан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөлөрүн жана жактоочуларын ынандыруу боюнча иш алып барууда.

Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында, Сирияда эл аралык террористтик уюмдардын катарында диверсиялык жана террористтик даярдыктан өткөн, Кыргызстандын жарандары, Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1986-жылы туулган А.А.Н. аттуу тургуну жана Лейлек районунун Исфана шаарында 1983-жылы туулган О.Д.И. радикалдуу көз караштардан эл алдында баш тартышты.

Тиешелүү иш-чаралардын натыйжасында бул адамдар тандап алган диний багытынын туура эместигин моюнга алып, Кыргызстандын жарандарын Эл аралык террористтик уюмдун/Диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алданбоого чакырышты.

Учурда УКМК Эл аралык террористтик уюмдун/диний-экстремисттик уюмдун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча иштерди улантууда.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>