Жогорку Кеңеш эмгек акыны индексациялоо боюнча мыйзам долбоорун кароодо

Жогорку Кеңеште эмгек акыны инфляцияга жана баалардын өсүшүнө жараша индексациялоону караган мыйзам долбоору талкууланууда. Документтин демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары.
Мыйзам долбооруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү сунушталууда. Анын негизги максаты — товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы өсүп жаткан шартта жарандардын эмгек акысынын сатып алуу жөндөмүн сактап калуу.
Документтин негиздемесинде белгиленгендей, 2025-жылы кабыл алынган жаңы Эмгек кодексинде эмгек акыны милдеттүү түрдө индексациялоо боюнча норма каралган эмес. Буга байланыштуу бул механизмди мыйзам деңгээлинде кайра киргизүү сунушталууда.
Мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелерде эмгек акыны индексациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын нормативдик-укуктук актылары менен аныкталат. Ал эми жеке сектордогу ишканаларда индексациялоо тартиби жамааттык келишимдер, макулдашуулар же иш берүүчүнүн ички актылары аркылуу жөнгө салынат.
Долбоордун авторлору акыркы жылдардагы инфляциянын өсүшү мындай өзгөртүүлөрдү киргизүүгө негиз болуп жатканын белгилешет. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылы инфляция 9,7 пайызды түзсө, 2022-жылы 14,7 пайызга жетип, товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы кыйла кымбаттаган.
Ошондой эле мыйзам долбоору эл аралык эмгек стандарттарына шайкеш келери жана кызматкерлердин социалдык корголушун күчөтүүгө багытталганы айтылат.
Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.