Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Ошто салыктан түшкөн каражаттын бир бөлүгү шаар бюджетине калтырылат
27.05.2026 | 12:19

Өлкө башчы Садыр Жапаров Ош шаарында салыктан түшкөн каражаттардын бир бөлүгүн калаа бюджетине калтыруу боюнча пилоттук долбоорду киргизген жарлыкка койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Документке ылайык, 2026-жылдын 1-июнунан баштап 2027-жылдын 1-июнуна чейин Ош шаарындагы төмөнкү салыктардын бир бөлүгү жергиликтүү бюджетке которулат. Алар:
- сатуудан алынуучу салыктын 50%ы;
- бирдиктүү салыктын 15%ы.
Финансы министрлигине салыктык түшүүлөрдү эсепке алуу механизмин иштеп чыгуу, киргизүү жана долбоор аяктагандан кийин анын натыйжалуулугуна талдоо жүргүзүү тапшырылды. Талдоонун негизинде бул тажрыйбаны кеңейтүү боюнча сунуштар киргизилет. Жарлык 2026-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.