Жогорку Кеңештин Төрагасы Тегеранда Иран парламентинин спикери менен жолугушту

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Тегеранга болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ирандын Ислам кеңешинин Межлисинин төрагасы Мохаммад-Багер Галибаф менен жолугушту. Жолугушуу Ирандын Жогорку лидери аятолла Сейед Али Хаменеи менен коштошуу аземинин алкагында өттү.
Марлен Маматалиев аятолла Али Хаменеинин, Улуттук коопсуздук жогорку кеңешинин катчысы Али Лариджанинин жана башка саясий ишмерлердин каза болгондугуна, ошондой эле аскердик аракеттердин натыйжасында набыт болгон Иран жарандарынын үй-бүлөлөрүнө көңүл айтты.
Төрага Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга тынчсыздануу менен байкоо салып жатканын жана бардык тараптарды эл аралык укуктун ченемдерин сактоого, чыр-чатактын курчушуна жол бербөөгө жана талаштуу маселелерди саясий-дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырарын белгиледи.
Ал ошондой эле Бишкек Иран менен АКШнын ортосундагы меморандумга кол коюлушун чыңалууну басаңдатуудагы маанилүү кадам катары бааларын билдирип, жетишилген макулдашуулар ишенимди бекемдөөгө жана узак мөөнөттүү чечимдерди издөөгө өбөлгө түзөөрүнө үмүт артты.
Мындан тышкары, Марлен Маматалиев Кыргызстан аскердик аракеттердин кесепеттерине байланыштуу Иранга гуманитардык жардам көрсөткөнүн эске салды.
Өз кезегинде Мохаммад-Багер Галибаф кыргыз тарапка коштошуу аземине катышкандыгы жана колдоо сөздөрү үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөдөгү учурдагы кырдаал жана жетишилген макулдашуулар тууралуу айтып берди.
Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-иран кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүүнү жана ушул жылы Бишкекте өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун иш-чараларына даярдыкты талкуулашты.