Жогорку сот автотранспортту каттоо департаментинин мурдагы башчысы Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыратты

Жогорку сот автотранспортту каттоо департаментинин мурдагы башчысы Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыратты

Жогорку сот Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин мурдагы башчысы Насирбек Алмаматовго карата биринчи инстанциянын өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Чечимге ылайык, Жогорку сот экинчи инстанция — Бишкек шаардык сотунун Алмаматовду эркиндикке кое берип, 3,3 млн сом айыпка жыгуу боюнча өкүмүн жокко чыгарды. Биринчи инстанция — Бишкектин Октябрь райондук сотунун 25-марттагы айыпталуучуну 12,5 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырды.

Бишкек шаардык соту Насирбек Алмаматовду айып пул төлөтүп, эркиндикке чыгаруу чечимин коомчулук каттуу сынга алгандан кийин Жогорку сот бул ишти кайра карады.

Насирбек Алмаматовду УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 2018-жылы 2-ноябрында кармаган. Ага карата автотранспортторду каттоодо, автомектептердин окуучулары сынак тапшырганда акча алуу үчүн коррупциялык схема түзүп алган деген айып коюлган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>