Жогорку сот БШКнын арызын экинчи жолу караган жок

Жогорку сот БШКнын арызын экинчи жолу караган жок

Жогорку сот Борбордук шайлоо комиссиясынын парламенттик кайра шайлоону өткөрүүгө байланыштуу апелляциялык арызын карабай, экинчи жолу артка кайтарды.

Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, ишти карабоого арыз берүү мөөнөтү өтүп кеткени себеп болгон.

Белгилей кетсек, БШК 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккандан кийин кайра шайлоо өткөрүүнү 20-декабрга белгилеген.

22-октябрда Жогорку Кеңеш жыйынга чогулуп, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алышып, ага ошол эле күнү президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон.

Бишкектин  Биринчи май райондук соту 24-декабрда БШКнын кайра шайлоо өткөрүү боюнча токтомун жокко чыгарган. Бул чечимге макул болбогон БШК Жогорку сотко кайрылып, арыз артка кайтарылган.

Белгилей кетсек, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар 5-октябрда митингге чыгып, нааразылыкка уланган окуялар, башаламандык, саясий кризис жана бийликтин алмашуусу менен аяктаган. Башаламандык болуп жаткан күндөрү БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>