Бишкекте алгачкы 17 жаңы YUTONG автобусу каттамга чыктыАйрым аймактарда өткүн өтөт: 17-сентябрга карата аба ырайынын божомолуЧүй камералык оркестри Нарын менен Жалал-Абадда концерт беретКыргызстанда айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды«Росатом» жана ӨКМ Таш-Көмүрдө 155 тоннага чейинки кооптуу химикаттарды зыянсыздандырат — кененирээкБишкек менен Сеул шаарларынын ортосунда боордоштук мамилеси түзүлдү
Жол эрежеси өзгөрдү. Горький көчөсүнөн Байтик Баатыр көчөсүнө солго бурулууга болбойт
12.01.2022 | 09:45
Бишкектеги Максим Горький көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жаткан учурда Байтик баатыр көчөсүнөн солго бурулууга болбойт. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Буга чейин Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Медеровдон Горькийге чейинки бөлүгү жол оңдоо иштерине байланыштуу убактылуу жабылган. Жол тыгындарын болтурбоо үчүн Горький көчөсү менен чыгышты көздөй айдап бара жатканда жол белгиси алынып, солго бурулууга уруксат берилген.
Кечээ эртең менен жол белгиси кайрадан орнотулду. Эми айдоочуларга Байтик баатырдан Горькийге чыгышты көздөй бурулууга тыюу салынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом