Тыштагы кыргыздар айдоочулук күбөлүктү элчиликтерден алмаштыра алат

Тыштагы кыргыздар айдоочулук күбөлүктү элчиликтерден алмаштыра алат

Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар эми айдоочулук күбөлүктөрүн элчиликтерден алмаштыра алышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

17-январдан тарта Кыргызстандын жарандары өлкөнүн бардык дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана консулдук мекемелеринде Кыргыз Республикасынын улуттук жана эл аралык айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштырууга мүмкүнчүлүк алышат.

Айдоочулардын күбөлүктөрүн алмаштыруу төмөнкү негиздер боюнча жүргүзүлөт:

1) Айдоочулук күбөлүгүнүн мөөнөтү бүтсө.

2) Айдоочунун күбөлүгүндө камтылган анын жеке маалыматтарын өзгөртүү.

3) Айдоочунун күбөлүгү эскиргендиктен же жараксыз абалга келгенде.

4) Айдоочулук күбөлүгүн жоготкондо.

Буга чейин айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу Кыргызстандын аймагында гана жүргүзүлүп келген.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында ченемдик укуктук база иштелип чыгып, кабыл алынган жана Кыргызстандын бардык чет өлкөлүк өкүлчүлүктөрүндө «Айдоочулардын реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасы (АИС) орнотулган. Муну менен консулдук кызматкерлерге жарандардан айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу үчүн документтерди электрондук форматта кабыл алууга мүмкүндүк берет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>