Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков дүйнө салдыБишкек ШИИБи Сыймык Жапыкеевдин кармалышы боюнча суроого жооп берди: батирдеги ызы-чууКыргызстанда инвесторлор үчүн жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү сунушталуудаСыймык Жапыкеев кармалганын жана «Кыргызтестке» жетишпей калганын билдирдиДастан Бекешев: ЖИ Конституциянын орусча котормосунан 44 ката таптыӨлкөдө күн ачык болот: 19-октябрга карата аба ырайы
Видео: Жол эрежесин бузган Арстан Абдылдаевге айып пул салынды
08.12.2022 | 15:48
Арстан Алайга (Арстан Абдылдаев) унаа айдап бара жатып коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн айып пул салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Абдылдаев кур тагынбай унаа башкарып бара жатканы тартылган видео социалдык тармактарда тараган.
“Социалдык тармактарда айдоочу (Арстан Абдылдаев – ред.) унааны коопсуздук курун тагынбай башкарып бара жатканы түшүрүлгөн видео тараган. Бул жол эреже бузуу үчүн Милициянын кайгуул кызматы тарабынан айдоочуга карата протокол түзүлдү”, – деп билдиришти кайгуул кызматынан.
Коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн жарандарга 1 миң сом айып пул каралган. Аны 15 күн ичинде жеңилдик боюнча 325 сом өлчөмүндө төлөөгө болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом