Жол кайгуул кызматы Ысык-Көлдө эки күн күчөтүлгөн режимде иштейт

Жол кайгуул кызматы Ысык-Көлдө эки күн күчөтүлгөн режимде иштейт

20-21-июлда Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери Ысык-Көл облусунда күчөтүлгөн режимге өтүүдө. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.

Маалым болгондой, трассада унаалардын жүрүшүнө чектөөлөр болушу мүмкүн.

«Борбор Азия мамлекет башчыларынын 4-консультативдик жолугушуусу Чолпон-Ата шаарында өтөт, андыктан бул күндөрү бардык кызматкерлер күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшөт», — деп билдирди Жол кайгуул кызматы.

Маалыматка ылайык, делегациялардын өтүү маалында Ысык-Көл аэропорту – Чолпон-Ата унаа жолунда убактылуу кыймылга чектөөлөр киргизилет. Жол боюнда кароосуз калган унаалар эвакуацияланат.

«Өтүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу Ысык-Көл облусунун тургундарын жана конокторун түшүнүү менен мамиле кылуусун суранабыз. Ошондой эле эрежени жана айдоо маданиятын сактоо зарылдыгын эскертебиз. Жол боюнда транспорт каражаттарын кароосуз калтырбагыла. Жасалма тыгындарды, тыгындарды жана башка жол кыймылынын катышуучуларына ыңгайсыздыктарды жаратпоо үчүн каршы тилкелерге чыгууга болбойт», — деп эскертти Жол кайгуул кызматы.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>