Жолбун иттер атып өлтүрүлбөйт, бычылат. Мыйзам долбоор талкууда

Жолбун иттер атып өлтүрүлбөйт, бычылат. Мыйзам долбоор талкууда

Кыргызстанда “Жаныбарларга жоопкерчиликтүү мамиле кылуу жөнүндө” мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Документтин тексти Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылган.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Дастан Бекешев.

Документтин негиздемесинде белгиленгендей, мыйзам долбоордун максаты коомдо жаныбарларга жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу, ошондой эле адеп-ахлакты чыңдоо, гумандуулуктун принциптерин сактоо, жаныбарлар менен иштөөдө жарандардын коопсуздугун жана башка укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу болуп саналат.

“Мыйзам долбоорунун негизги милдеттери жаныбарларга мамиледе жалпы жана атайын талаптарды белгилөө, жаныбарларды ырайымсыз, гумандуулукка каршы мамиледен, азаптан жана өлүмдөн коргоо, аларга карата коркууну жана ооруну сезе алган тирүү жандай мамиле кылуу, жаныбарларды ырайымсыз жансыздандырууга, жаныбарларды кыйноого, уруп-согууга, майып кылууга, жаракат алуусуна, аларды кишиге же башка жаныбарларга тукурууга жол бербөө болуп саналат”, — деп айтылат негиздемеде.

Документти иштеп чыгуучулар Кыргызстанда колдонулган үй-жайсыз жаныбарлардын санын азайтуу ыкмасынын натыйжалуулугун иликтешкен. Бул үчүн өлкөнүн 17 шаарында үй-жайсыз жаныбарларды атууга канча бюджеттик каражат сарпталарын эсептеп чыгышкан.

Маалым болгондой, 2021-жылы 29 миң 248 итти жок кылуу үчүн 7 миллион 29 миң 689 сом (бир малга 240 сом) бөлүнгөн. 2022-жылдын алты айында 14 миң 810 баш жандык атууга мамлекеттик бюджеттен 4 миллион 479 миң 911 сом (бир башка 302 сом) бөлүнгөн.

«Ошол эле учурда бардык мэриялардан жолбун иттердин көбөйүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Акыркы 6 жылдын ичинде статистика көрсөткөндөй, жыл сайын жолбун иттердин саны өсүүдө. Ошондой эле, шаарлардын мэрияларынын жоопторун талдоо кароосуз калган жаныбарларды атууга бюджеттин көлөмү көбөйүп жатканын көрсөттү. Ошол эле учурда, стерилизация/ бычуу (жаныбарды репродуктивдүү функциядан ажыраткан хирургиялык операция) программасы колдонулгандан кийин, бул программанын бюджети төмөндөйт, анткени жыл сайын иттердин саны азаят», — деп жазат мыйзам долбоорун иштеп чыгуучулар.

Алардын эсеби боюнча, 1000 итти стерилизациялоого жылына 6 миллион 120 миң сом, 10 миң итти стерилизациялоого жана эмдөө үчүн 22 миллион 100 миң сом керектелет.

«Ошол эле учурда бул ыкманы колдонууда жолбун иттер азайып, убакыттын өтүшү менен бул чыгымдар кыскарып, атуу ыкмасын колдонгондогудай көбөйбөйт», — деп белгилешти авторлор.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>