Оор кырдаалга туш болгон кыргыз жарандар Москвадагы мейманканада жашай алат

Оор кырдаалга туш болгон кыргыз жарандар Москвадагы мейманканада жашай алат

Москва шаарында турмуштук оор кырдаалга кабылган кыргызстандыктар Россиянын темир жол мейманканасында акысыз жашай алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Мындай макулдашууга министрликтин Москва шаарындагы өкүлчүлүгү жетишкен.

«Мейманканада үч адамга чейинки номер бир эле убакта жарандардын документтерин тариздөө/калыбына келтирүү жана аларды Кыргызстанга жөнөтүүгө даярдоо убагына берилет», — деп билдирет министрлик.

Жарандар өкүлчүлүккө төмөнкү дарек боюнча кайрыла алышат: Москва шаары, Малая Полянка көчөсү 7, 5-бет; тел: +7 495 197 76 71.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>