Жолдо унаасын токтотуп, түкүргөн айдоочулар кандай жазага тартылат?

Жолдо унаасын токтотуп, түкүргөн айдоочулар кандай жазага тартылат?

Бүгүн, 19-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Тагыраак айтканда, мыйзам долбоору аркылуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөгү”, “Автомобиль транспорту жөнүндөгү”, “Билим берүү жөнүндөгү” жана “Ички иштер органдары жөнүндөгү” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Жыйында депутат Айбек Маткеримов жол эрежеси кайсы түрү боюнча эң көп мыйзам бузуу катталып жатканына кызыкты.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов 70-80% жол кырсыктарына адамдык фактор, жол эрежесин билбегендик себеп болорун белгиледи.

Ал эми депутат Нуржигит Кадырбеков: “Жолдо жүрүп бара жатып, атайын унаасын токтотуп, түкүргөндөргө жаза барбы?” – деп сурады.

Ички иштер министринин өкүлү жаза бар экенин белгилеп, андай жорук жасагандарга 1000 сом айып пул салынарын маалымдады.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>