Кыргызстан «Печора-2БМ» зениттик-ракеталык комплексин сатып алды

Кыргызстан «Печора-2БМ» зениттик-ракеталык комплексин сатып алды

Кыргызстан Беларустан «Печора-2БМ» абадагы соккулардан коргонуучу зениттик-ракеталык комплексин сатып алууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда маалымат жыйында коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди.

Министр учурда өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрүнө, авиацияга көп көңүл бурулуп жатканын. Ал белгилегендей, 6-7 тик учак чет мамлекетте оңдоп-түзөө иштеринен өткөрүлүүдө. Алар жыл аягына чейин келет.

«Абадан коргонуу боюнча зениттик-ракеталык комплексин сатып алуу боюнча «Белтехэкспорт» менен келишимге кол койдук. Ушул айдын аягында келет деп пландаштырып жатабыз. Ал — «Печора-2БМ» деген заманбап абадан коргонуу зениттик-ракеталык комплекси. Бул жакка алынып келгенден кийин, Баткенге коюп, абаны жапканга аракет кылабыз», — деди ал.

Ошондой эле ал башка бир катар иштер жасалып жатканын жана коомчулук ал тууралуу жыл аягына чейин кабардар болорун белгиледи.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>