Баткендеги үй-бүлөгө кол салуу: Ата-бала каза болуп, эне ооруканага түштү

Баткендеги үй-бүлөгө кол салуу: Ата-бала каза болуп, эне ооруканага түштү

Баткен облусунун Кадамжай районунда үй-бүлөгө кол салуу фактысы боюнча милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Облустук милициянын басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 18-октябрда саат 22.00 чамасында катталган. Көк-Талаа айылындагы үйлөрдүн бирине белгисиз адамдар куралдар менен кирип, 61 жаштагы Ш.Кны көкүрөк жана башына, анын 29 жаштагы баласы Р. К.уулун башка ок атышкан.

Ошондой эле 59 жаштагы Ш.Мдин (Ш.К.нын аялы) башына балта менен урган. Андан кийин мал сарайын өрттөп, короодо турган Honda CR-V унаасын өрттөөгө аракет кылып, окуя болгон жерден качып кетишкен.

Октон жараат алган Ш.К. менен Р. К. уулу окуя болгон жерде каза тапкан. Ал эми жараат алган Ш.М. Кадамжай райондук ооруканасына жеткирилген.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

Каза болгон жарандарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, атайын тергөө тобу иликтөө иштерин жүргүзүп жатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>