Жоокердин сабалышы боюнча 6 адам кызматынан бошотулду

Жоокердин сабалышы боюнча 6 адам кызматынан бошотулду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сабалган аскер кызматкеринин абалы орточо оор. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурда аталган башкармалык кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат.

«Алты адам ээлеген кызматынан бошотулду. Алардын арасында офицерлер жана прапорщиктер бар. Бекзат Эсенбековду кароодо фельдшер эч кандай жаракаттарды көргөн эмес. Буттарынан гана шишик табылган», — деди Урматбек Шамырканов.

31-майдан 1-июнга караган түнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер бөлүгүндө катардагы жоокер Бекзат Эсенбеков сабалган. Ал ооруканага 4-июнда гана жеткирилген. Окуя жакындарынан жашырылган. Жабырлануучуну коркутуп-үркүтүшкөн: өзгөчө кырдаал тууралуу айтса, аскер билетин бербейт. Туугандарынын айтымында, ал сегиз ай бою кордук көргөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>