Жоокерлердин өлүмү: Министр кызматтан кетиши керек — депутат

Жоокерлердин өлүмү: Министр кызматтан кетиши керек — депутат

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов аскердеги жоокерлердин өлүмү боюнча керт башы менен жооп бериши керек. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев билдирди.

Жыйында депутат аскерге барган жоокерлердин өлүмү боюнча маселени көтөрдү. Ал министрдин парламентке келип, аскерлердин өлүмү боюнча жооп берүүсүн талап кылды.

«Июль-август айында аскерде жүргөн бир нече жоокер өзүн-өзү атып өлдү. Аз сандагы аскерди коргой, башкара албаган биздин коргоо министри келип жооп берсин.  Ар бир аскердин өлүмүнө керт башы менен жооп бериши керек. Өткөндө журналисттерге «аскерге даярдыгы жок келип, өлүп жатат» деп жооп бериптир. Аскерге даярдыгы жок болсо, барып эмне кылат? Аскерге даярдыгы бар жарандар аскерге барып эмне кылат? Жообуна түшүнбөй калдым. Тарбиялаганды, даярдаганды билбесе, реформа кылбаса ал кызматтан кетиши керек», — деди ал.

Эскерте кетсек, быйыл жай айларында Кыргызстанда аскерге кеткен 4 жоокер удаа-удаа каза болгон. Алардын өлүмү боюнча расмий билдирүүдө жоокерлер өзүн-өзү атып алган деп айтылган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>