Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Жоомарт Оторбаев Кумтөр чуусу боюнча кармалды
16.09.2021 | 20:34
Экс- премьер-министр Жоомарт Оторбаев «Кумтөр» кенин иштетүүдөгү жемкорлук далилдер боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы маалымдады.
Билдирүүгө караганда, Оторбаев премьер-министр болуп турган маалда мыйзам талаптарын кыянаттык менен бузуп, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын кызыкчылыгы үчүн Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүн жок кылууга макулдук берген”.
Алдын-ала маалыматтарга караганда, анын бөгөт чарасы 48 саат ичинде каралат.
Оторбаев 2014-2015-жылдары премьер-министрлик кызматты аркалаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат