“Жоопсуз сүйүү”: Ошто үч өспүрүмдүн өлүмүнө эмне себеп болгону айтылды

“Жоопсуз сүйүү”: Ошто үч өспүрүмдүн өлүмүнө эмне себеп болгону айтылды

Бүгүн, 7-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин отурумунда “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралды.

Жыйында депутат Таалайбек Масабиров өспүрүмдөр арасында өз жанын кыюу фактылары көп болуп жатканын айтып, Ички иштер министрлигинин өкүлүнөн “бул боюнча анализ кылып көрдүңөр беле, балдардын мындай кадамына эмне себеп болууда?”, — деп сурады.

Өз кезегинде ИИМдин өкүлү анализ жүргүзүлүп келгенин, быйыл былтыркыга салыштырмалуу бир фактыга көп катталганын айтты.

“Көп учурда өз жанын кыюу фактыларына ата-эне менен баланын ортосундагы келишпестик себеп болууда. Учурда ата-эненин жоопкерчилиги төмөндөп кетти. Ата-эне баланын мектепке барып-келгенин, кийимин гана көзөмөлдөйт дагы ички дүйнөсүндө эмне болуп жатканы боюнча сүйлөшпөйт. Өлкөдө жыл ичинде өспүрүмдөр арасында 23 өз жанын кыюу фактысы катталса, анын 20сы эне-атанын көзөмөлүнөн чыккан балдар болууда”, — деди ИИМдин өкүлү.

Депутат Ошто катталган үч окуяга эмне себеп болгонун сурады.

“Ош шаарындагы өз жанын кыюу боюнча үч факт бири-бирине байланыштуу болууда. Биринчи өспүрүм бала, андан кийин эки кыз чатырдан секирип, өз жанын кыйышкан. Бул окуяга жоопсуз сүйүү себеп болгон. Кызматтык иликтөөдө бала сүйүүсүнө жетпей, чатырдан секиргени аныкталган. Бала каза болгондон соң, эки кыз дагы өз жанын кыюуга барышкан. Бул дагы бала менен ата-эненин байланышы жок болгондугунун кесепети болууда. Мындай учурда ата-энелер арыз жазуудан баш тартып, өз күнөөсүн мойнуна алышууда”, — деп жооп берди ИИМдин өкүлү.

Буга чейин ушул жылдын 17-мартында Ош шаарындагы 5 кабаттуу үйдүн чатырынан 7-класстын эки окуучусу секиргени маалымдалган. Алардын бири ошол жерден каза болсо, экинчиси оор абалда ооруканага түшкөн. Кыздар бир класта окуган. Ошондой эле, 4-мартта ошол эле мектептин окуучусу, ошол эле жерден секирип өз жанын кыйган.

Тэги: Ош өспүрүм

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>