Төрага Нурланбек Шакиев БГУнун ардактуу профессору болду

Төрага Нурланбек Шакиев БГУнун ардактуу профессору болду

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев “К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору” наамын ыйгарылды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, төрага К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетине барды. Алгач ал окуу жайдагы түзүлгөн шарт-жагдай менен таанышып, кеңири маалымат алды. Талаптагыдай билим берүү үчүн каралган лаборатория, китепкана өңдүү мүмкүнчүлүктөрдү көрүп чыгып, студенттердин өз алдынча өнүүгүсү жана бош убактыларын майнаптуу өткөрүүсү үчүн заманбап инфраструктуралык шарттарды түзүүгө чакырды.

Андан соң профессордук-окутуучулар курамы менен жолугушту.

Жолугушуунун алкагында окуу жайдын ректору Абдылда Мусаев мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын жетектеп турган учурдан бери аталган университетке колдоо көрсөтүп, парламенттин төрагасы катары да билим берүү тармагын өнүктүрүүгө багытталган маанилүү сунуш-пикирлерин берип келе келе жаткан Нурланбек Шакиевге ыраазычылык билдирип, “К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору” наамын ыйгарды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>