ЖРТга катышпай калган абитуриенттер үчүн тесттин кечиктирилген этабы болот

31.05.2026 | 15:00
ЖРТга каттоо

Кыргызстанда Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) жүйөлүү себептер менен белгиленген мөөнөттө катыша албай калган абитуриенттер үчүн тесттин кечиктирилген этабы өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги жана Билим берүүнү баалоо жана окутуу усулдары борбору (БББОУБ) билдирет.

Такталган маалымат боюнча, каттоо жана кайра каттоо 9-июндан 17-июнга чейин жүргүзүлөт, ал эми тесттин өзү 19-июндан 21-июнга чейин Бишкек жана Ош шаарларында гана өткөрүлөт.

Кечиктирилген этапка 2026-жылдагы ЖРТга катышпаган абитуриенттер каттала алышат.

Каттоо жана кайра каттоо даректери:

  • Бишкекте — №24 мектепте, дареги: Тыныстанов көчөсү, 110;
  • Ошто — шаардык билим берүү бөлүмүндө, дареги: Супаналиев көчөсү, 308.

«Эгерде абитуриент 2026-жылдагы ЖРТга катталып, бирок ар кандай себептер менен катышпай калса жана анын каттоо номери болсо, анда ал кечиктирилген тесттин каттоо пунктунан кайра каттоодон өтүшү керек. Кайра каттоо ошондой эле мамлекеттик тил же предметтик тесттерди тапшырууга жетишпей калгандарга да зарыл», — деп айтылат маалыматта.

Мындай абитуриенттер №3 форманы (тестке кирүү талону), ошондой эле паспортун ала келиши керек. Эгерде абитуриент 16 жашка толо элек болсо жана паспорту жок болсо, анда туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана мектеп директору тарабынан тастыкталган, мектептин мөөрү басылган сүрөтү бар маалымкатты көрсөтүүсү зарыл.

Эгерде кирүү талону жоголуп кетсе, абитуриент дубликат алуу үчүн кечиктирилген тесттин каттоо пунктунда арыз жазышы керек. Жанында 3х4 өлчөмүндөгү эки бирдей сүрөтү болушу шарт.

2026-жылдагы ЖРТдан четтетилген (дисквалификация болгон) абитуриенттер каттоого жана кайра каттоого киргизилбейт.

Каттоо үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:

  • «Элдик Банктан» алынган квитанция же «О!Деньги» мобилдик тиркемеси аркылуу төлөнгөндүгүн тастыктаган документ;
  • Инсандыгын ырастаган документ: паспорттун түп нускасы же аскердик билет. Инсандыгын ырастаган документи жок абитуриенттер тестке киргизилбейт;
  • 3х4 өлчөмүндөгү эки бирдей сүрөт;
  • Орто билим тууралуу аттестаттын түп нускасы же орто кесиптик окуу жайын аяктагандыгы тууралуу диплом. 2026-жылдын бүтүрүүчүлөрү бүтүрүүчү экени жөнүндө маалымкат бериши керек. Маалымкат мектеп директору тарабынан күбөлөндүрүлүп, мектептин мөөрү басылышы керек. Ошондой эле анда бүтүрүүчүнүн сүрөтү болуп, анын үстүнө мектептин мөөрү басылышы шарт.

Катышуу акысы:

  • Негизги тест үчүн — 470 сом;
  • Мамлекеттик тил боюнча тест үчүн — 470 сом;
  • Ар бир предметтик тест үчүн — 470 сом.

Топтогон упайлар тууралуу сертификаттар 2026-жылдын 1-июлунан кийин Бишкектеги БББОУБдун кеңсесинде жана Ош шаардык билим берүү бөлүмүндө берилет.

БББОУБ ошондой эле жогорку окуу жайларда билим алып жаткан студенттердин Жалпы республикалык тестирлөөгө катталууга жана тапшырууга укугу жок экенин эскертти.

Scroll to Top