Жумалиевди мыйзамсыз баюуга айыптаган Жапыкеевге кылмыш иши козголду

Жумалиевди мыйзамсыз баюуга айыптаган Жапыкеевге кылмыш иши козголду

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевди кескин сындап, анын байлыгын текшерүүгө коомчулукту үндөгөн мурдагы прокуратура кызматкери Сыймык Жапыкеевдин чакырыктары боюнча сотко чейинки териштирүү башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Министрликке Жумалиев кайрылып Жапыкеев деген жаранга мыйзам чегинде чара көрүү тууралуу кайрылган.

“Жумалиевге карата жалган маалыматтарды таратып, анын үй бүлөсүнүн миллиондогон байлыктары мыйзамдарды бузуу менен топтолгонун жана ошондой эле анын байлыгы менен мүлкүн тартып алууга жасаган чакырыктары менен анын ден соолугуна жана үй бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткандыгын көрсөткөн”, — деп жазылат маалыматта.

Жумалиевдин арызынын негизинде,  7-май күнү Жазык кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүгү (“Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен катталып сотко чейинки өндүрүш башталып, Жапыкеевдин акыркы убактагы бардык сүйлөгөн сөздөрүнө лингвистикалык экспертизалар дайындалган.

Учурда аталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Сыймык Жапыкеев “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу Жумалиевди кескин сындап,  ал бүт байлыгын мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп уурдап тапкан деп айтып чыккан.

Кийин Жумалиев Жапыкеевдин айткандарына жооп берип,  өлкө казынасына бир дагы жолу кол салбаганын куран кармап карганган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>