Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Кыргызстанда жеңил өнөр жайындагы өндүрүштүн көлөмү 2025-жылы 25 млрд сомго жеттиКытай АКШны Си Цзиньпин менен Трамптын келишимдерин бузду деп айыптадыАлкоголь өспүрүмдүн мээсине жана организмине кандай таасир этет — дарыгерлердин түшүндүрмөсүБишкекте эл аралык кинофестиваль жыйынтыкталды: жеңүүчүлөрдүн ысымдарыПакистандын ТИМи АКШ менен Ирандын ортосундагы келишимге кол коюла турган күндү билдирдиКыргызстанда 2023-жылдан бери бөйрөк алмаштыруу боюнча 19 операция жасалды
Жуманазарова Түркиядагы мелдештин алтыны үчүн күрөшөт
13.08.2022 | 17:41
Балбан кыз Мээрим Жуманазарова (68 кг) Түркияда өтүп жаткан Ислам тилектештик оюндарынын финалына чыгып, алтын үчүн күрөшө турган болду.
Ал килем үстүнө бүгүн, 13-августта чыкты. Тайпалык баскычта Жуманазарова Бангладеш, Түркия жана Өзбекстандан келген балбан кыздардан күчтүү болду.
Ал эми жарым финалда ал түркмөнстандык балбанды жеңип алды. Финалдык беттеште казакстандык Мадина Бакбергенова менен күрөшөт.
Ошондой эле Ислам тилектештик оюндарынын финалына Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков жана Амантур Исмаилов чыга алды. Андан тышкары Атабек Азисбеков коло үчүн күрөшө турган болду.
Финалдык беттештер саат 20:30да башталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт