Кыргызстандык окуучулар Түндүк уюлга барууга мүмкүнчүлүк алышат: «Билим муз жаргычы» сынагы башталды

11.05.2026 | 17:54

2026-жылдын 5-майында «Росатом» мамлекеттик корпорациясы тарабынан уюштурулган «Билим муз жаргычы» («Ледокол знаний») эл аралык илимий-агартуу долбооруна катышуучуларды тандоо башталды. Кыргызстандык өспүрүмдөрдө Түндүк уюлга масштабдуу экспедицияга жолдомо утуп алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк бар.

«Билим муз жаргычы» деген эмне?

Бул көп метрлик музду жарып өтүүгө жана Арктиканын катаал шарттарында автономдуу иштөөгө жөндөмдүү болгон «Жеңишке 50 жыл» («50 лет Победы») атомдук муз жаргычынын бортундагы экспедиция. Сапар 2026-жылдын август айына пландалган.

Саякатка дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 14төн 16 жашка чейинки өспүрүмдөр барышат. Экспедициянын жүрүшүндө окуучулар:

  • дүйнөнүн алдыңкы окумуштууларынын лекцияларын угушат;
  • практикалык илимий эксперименттерге катышышат;
  • климаттын өзгөрүшү жана арктикалык экосистеманы сактоо маселелерин изилдешет.

Кантип катышуу керек?

Катышуучуларды тандоо 2026-жылдын 5-майынан 15-июнуна чейин үч этапта өтөт:

  • Биринчи этап (3-июнга чейин): goarctic.energy расмий сайтына катталып, илимий викторинадан өтүү зарыл.
  • Экинчи этап: катышуучулар «Росатомдун» технологиялары жана коопсуз арктикалык кеме жүрүүсү тууралуу билим берүү вебинарларын угуп, андан кийин алган билимдерин текшерүү үчүн тапшырмаларды аткарышы керек.
  • Үчүнчү этап (финал): өлкөдөн эң көп балл топтогон 10 катышуучу видео-визитка жаздырып, финалдык тапшырманын темасы боюнча өз идеяларын сунушташы шарт.

Улуттук этаптын жеңүүчүлөрү үчүнчү эл аралык экспедициянын курамына кирип, Түндүк уюлга Кыргызстандын желегин кадашат.

Кыргызстандыктардын ийгиликтери

Кыргызстандык окуучулар долбоорго катары менен үчүнчү жылы катышышат (биздин балдар Арктиканы 2024 жана 2025-жылдары багындырышкан). Сынакка болгон кызыгуу өсүүдө: эгер өткөн жылы өлкө боюнча 500гө жакын билдирме келип түшсө, быйыл уюштуруучулар мындан да жогорку активдүүлүктү күтүшүүдө.

2025-жылдын жеңүүчүсү Бермет Үсөнова өз сапарын мындайча эскерет:

«Мен океан жана анын жашоочулары, физиканын канчалык маанилүү экени, атом Жер жүзүндө келечекти кантип түзөрү жана космосту багындырууга кандайча мүмкүнчүлүк берери тууралуу көптөгөн кызыктуу нерселерди билдим».

Уюштуруучулар экспедиция — бул баа жеткис илимий тажрыйба алууга жана планетанын экологиясын сактоо боюнча өз идеяларын сунуштоого мүмкүнчүлүк экенин белгилешет.

Scroll to Top