«Жумуш орун түзүп, элди багып жатабыз». «Дордой» базарынын соодагерлери митингге чыкты

«Жумуш орун түзүп, элди багып жатабыз». «Дордой» базарынын соодагерлери митингге чыкты

Бүгун «Дордой» базарында митинг өтүп жатат. Соода жайдын соодагерлери патент системасын калтырууну талап кылышууда.

Алар базардын кесиптик биримдигине нараазычылык билдирип, ишкерлердин үнү бийликке жетпей калганын айтышты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келишин талап кылгандар дагы болду.

«Биз салыкты төлөп, Баткен окуясында жана башка учурда баарына жардам берип келе жатабыз. Канча адамдарды иш менен камсыз кылып жатабыз. Патенттин баасын эки эсе көтөрсө дагы мейли, башка сунуштарга макул эмеспиз», — дейт соодагерлер.

Жеңил өнөр жай тармагынын өкүлдөрү бийлик аларга шарт түзбөй, кездеме жана башка керектүү заттарга тартыштык түзүлүп, тигүү тармагын кошуна өлкөлөр ээлеп алып жатканын айтышты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>