Депутат аскердик техниканы саткан адамдардын атын ачыктоону сунуштады

Депутат аскердик техниканы саткан адамдардын атын ачыктоону сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев Кыргызстан эгемендик алгандан бери аскердик техникаларды сыртка саткан ададардын атын ачыктоону сунуштады.

Ал 1990-жылдары өлкөнүн аскердик техникаларын сатып салган адамдарды саткын, чыккынчы деп атады.

«Массалык маалымат каражаттарынын биринен макала окуп калдым. 1990-жылдардан кийин Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты милиция кызматкерлери менен биргеликте аскердик техниканы, анын ичинде учактарды сата баштаган. Бирөөсү Россияга качып кетиптир дейт. Ушундай фактылар көп болгон. Эгемендикти алгандан кийин канчлаган тик учактар, аскердик техникалар сатылып жок болуп кеткен. Булар саткын, мамлекеттин чыккынчылары. Наполенон «тынчтыкты кааласаң, согушка даярдан» деп туура айткан. Эгемендикти алгандан кийин «биз тынчтыкты сүйгөн мамлекетпиз, эч кимге кол салбайбыз, бизге эч ким кол салбайт» деп ойлогонбуз. Көрсө күчтүү аскер, аскердик техника болушу керек экен», — деди ал.

Ал өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго, прокуратурага кайрылып, аскердик техниканы сатуу боюнча канча кылмыш иши ачылганын, алар кимдерге козголгонун жана алардын аты-жөнү тууралуу маалымат берүүнү тапшырды.

«Эл аларды өмүр бою «саткын» деп жерип өтүшү керек», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>