«Жумушумду тартып алдыңар». Москвада мас киши мигрантка бычак сайды — видео

«Жумушумду тартып алдыңар». Москвада мас киши мигрантка бычак сайды — видео

Москвадагы «Рязанский проспектисинин» аялдамасына жакын жерде мас адам 20 жаштагы «Яндекс.Еда» курьерине бычак сайганын орусиялык Telegram каналдары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу Тажикстандын жараны. Кол салуудан улам ал көп кан жоготкон, дарыгерлер анын абалын орточо деп баалашууда.

Кол салган адам полиция тарабынан кармалып, ал Кемерово облусунун 40 жаштагы тургуну болуп чыкты. Окуяга күбө болгондор орустун абдан мас болгонун, кол салуу учурунда ал «мындай жеткирүүчүлөр аны жумушунан ажыратты» деп кыйкырганын белгилешет.

«Яндекс.Еданын» басма сөз кызматы алар өз кызматкерине колдон келген жардамын берип жатканын билдирди.

«Биз бул абалга таң калып, укук коргоо органдары менен байланышып жатабыз. Кызматтын курьер-өнөктөштөрү 2 миллион рублга чейин камсыздандырылган. Ошондой эле акысыз юридикалык жардам ала алышат», — деп белгилешти кызматтын өкүлдөрү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>