Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын саны азаюуда

Кыргызстанда кургак учук менен ооругандардын саны азаюуда

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2020-жылы кургак учук менен ооругандар мурунку жылдарга салыштырмалуу азыраак аныкталган.

Маалыматка ылайык, 2016-жылы Кыргызстанда биринчи диагноз менен 5 миң 680 бейтап аныкталган. 2017-жылы – 5 миң 616 адам. 2018-жылы – 5 миң 249 бейтап. 2019-жылы – 5 миң 96. 2020-жылы 3518 учур аныкталган.

Улуттук статистикалык комитет берген маалыматка ылайык, кургак учук менен ооругандар жыл сайын азаюуда. 2020-жылга карата Улуттук фтизиатрия борборунда 4885 бейтап катталган. Бул төрт жыл мурунку 2016-жылга салыштырмалуу 3110 адамга аз, анда катталган оорулуулардын саны 7995 болгон.

Саламаттык сактоо министрлигинин каттоосунда тургандардын эң көп саны Чүй облусунда (1 миң 64 адам), Ош облусунда (1 миң 59 адам), Жалал-Абад облусунда (916 адам) жана Бишкек шаарында (778 адам).

Эң аз — Нарын (141 бейтап), Талас (160 бейтап) жана Ысык-Көл (192 бейтап) облустарында.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>