«Улуулардын ысымдары менен»: ОГКнын мүчөлөрү Чыңгыз Айтматов чокусун багындырыштыБишкектеги фестивалда окумуштуулар космос, адам жана медицина тууралуу айтып беришетСоода-өнөр жай палатасы 10 өлкөгө жаңы өкүлдөрүн дайындадыЖети-Өгүздө муниципалдык мүлктү мыйзамсыз күрөөгө коюу фактысы аныкталдыӨзбекстандын ЖОЖдорунда акысыз окуу үчүн кыргызстандыктарга 20 орун бөлүндүКыргызстанда Telegram, Microsoft жана дагы 9 сервиске кирүүгө чектөө коюлушу мүмкүн
Жунгли токоюнда гумжардам ташыган тик учак жоголду
08.07.2020 | 12:18
Перунун түндүгүндөгү Амазонканын тропикалык токойлорунун үстүнөн гумжардам алып учуп бараткан МИ-17 аскердик тик учагы жоголуп кетти. Бул тууралуу РИА новости жазды.
“Саат 12:53тө учкан, саат 13:18де конушу керек эле, бирок ал белгилеген жерге жеткен жок”, – деп жооп берген өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрүнүн өкүлү Вольфганг Гросо.
Тик учуктын бортунда 4 адам болгон, ал эми андагы күйүүчү май 2,5 саат гана учууга жетмек.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар