Күнгө кантип туура күйүү керек — Бишкек медиктеринин сунуштарыКант шаарынын мэриясына таштанды полигонундагы өрт үчүн айып пул салындыБишкектин Борбордук стадиону World Athletics сертификациясына даярдалууда — Курулуш министрлигиКыргызстан жүндү кайра иштетүүнү жана продукциянын экспортун арттырууну пландап жататИспания Францияны жеңип, ДЧ-2026 финалына чыктыБишкекте «Орто-Алыш» суу алгычынын кубаттуулугу кеңейтилүүдө
Журналист Болот Темиров камактан чыкты
23.01.2022 | 15:05
Журналист Болот Темиров камактан чыкты. Бүгүн, 23-январь Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун алдынан журналисттер, укук коргоочулар жана активисттер тосуп алышты. Буга чейин милиция эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулаарын кабарлаган.
Темиров өзү соңку чуулгандуу иликтөө боюнча сотко бере турган болсо бардык материалдар бар экенинин, соттошууга даяр экенин билдирди.
Темировду күч кызматкерлери 22-январь түнү милиция кармап кеткен, компютерлерин алып кеткен.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев ал жана төкмө акын Болот Назаров маңзатка байланыштуу арыздын негизинде кармалышканын айткан. Милиция болсо экөөнү тең бир иштин алкагында шектүү катары өтүп жатышканын маалымдаган.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат