Талас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырдыТИМ: Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоонун кезектеги этабы башталдыСот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун cөөгү табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты
Журналист Ыдырыс Исаков УКМКга суракка чакырылды
27.01.2021 | 17:20
Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Финансы полициясынын Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы Айбек Токоевдин кармалышы боюнча күбө катары УКМКга суракка чакырылды. Бул тул тууралуу Исаков өзү Reporter.kg сайтына ырастады.
Буга чейин иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков Финансы полициясынын Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгынын башчысы Айбек Токоевдин мыйзамсыз иштери, ири байлыктары тууралуу иликтөө жасаган болчу. Анда Токоев Финполго кызматка киргенден тарта анын туугандарынын байлыктары тездик менен өскөнүн көрсөткөн.
Кийин УКМК Айбек Токаевди мыйзамсыз баюуга айыптап камакка алган. Иликтөөнүн жыйынтыгында Токаевдин туугандарына катталган мүлктөрдүн жалпы баасы 4 млн доллардан ашык экени аныкталган.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом