Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Жусупбек Коргонбай уулу эми депутат эмес
23.04.2024 | 16:13
Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу жазган арызына ылайык мандатынан ажыратылды.
Белгилүү болгондой, буга чейин ал депутаттык мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазган.
Бүгүн, 23-апрелде БШКнын жыйыны өтүп, анда комиссиянын мүчөлөрү Жусупбек Коргонбай уулуну мандатынан ажыратуу тууралуу чечим кабыл алды.
Эскерте кетсек, Коргонбай уулу 2021-жылы бир мандаттуу Ноокат шайлоо аймагынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Эми аталган шайлоо аймагында кайра шайлоо болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом