Садыр Жапаров COP17 саммитинде Ысык-Көлдү коргоо боюнча трасттык фонд түзүүнү сунуштадыКыргызстанда чет өлкөлүк номерлүү унаалардын кирүү эрежелери өзгөртүлдү — толук маалыматОш шаарында «Сулайман-Тоо» эл аралык кинофестивалы өтөт2027-жылдан тарта Кыргызстанда сотто өкүлчүлүк кылуу үчүн юристтерге окуудан өтүү талабы коюлатКытай Кореядан озуп кетти: Кыргызстанга эми кайсы унаалар көбүрөөк ташылып жатат?Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалды
Жыл башынан бери Ысык-Көлдөн 24 миң метрден ашык тор, 650 кг таштанды чыгарылды
14.08.2026 | 11:25

Ысык-Көл көлүнөн үч күндө 6 миң 800 метр эски синтетикалык тор жана 140 кг таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматында, 11-13-август күндөрү мыйзамсыз коюлган торлорду аныктоо жана алып чыгуу боюнча үч күндүк рейд өткөрүлгөн. Анда көлдөн:
- 11-августта — 2300 метр тор жана 50 кг таштанды;
- 12-августта — 2000 метр тор жана 40 кг таштанды;
- 13-августта — 2500 метр тор жана 50 кг таштанды чыгарылган.
Ал эми жыл башынан бери Ысык-Көлдүн акваториясынан жалпы 24 миң 300 метр тор жана 650 кг таштанды алынган.
Мекеме бул рейддер көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу максатында жасалып жатканын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом