Кыргызстан жана Евразия өнүктүрүү фонду энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтет

Кыргызстандын Финансы министрлиги жана Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду (ЕТӨФ) мындан аркы кызматташтыкты жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-июлда ведомство башчысы Руслан Суйналиев Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕТӨФ) башкаруучу директору Ярослав Мандрон менен жолугушту.
Тараптар Кыргызстан менен фонддун ортосундагы кызматташтыктын учурдагы абалын карап чыгышты, ошондой эле мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттарын талкуулашты.

Жолугушуунун катышуучулары буга чейин ишке ашырылган долбоорлорго жана энергетика, суу менен камсыздоо, транспорттук инфраструктура жана социалдык чөйрөдөгү жаңы демилгелерди алга жылдырууга өзгөчө көңүл бурушту. Өзгөчө Камбар-Ата ГЭС-2ге байланыштуу долбоорлор талкууланды.
Суйналиев белгилегендей, ЕТӨФтүн колдоосу менен Кыргызстанда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон бир катар маанилүү долбоорлор ишке ашырылган. Анын айтымында, республика фонд менен кызматташтыкты андан ары кеңейтүүгө, биринчи кезекте энергетика, инфраструктура жана мамлекеттик финансыны башкаруу тутумун өркүндөтүү тармактарында кызыкдар.

Министр ошондой эле ЕТӨФ менен өз ара аракеттенүүнү системалуу түрдө өнүктүрүүнүн, анын ичинде биргелешкен долбоорлордун орто мөөнөттүү портфелин түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү андан ары чыңдоого жана Кыргызстандын артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорун ишке ашырууда кызматташтыкты кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экендигин билдиришти.