«Жылаңач сүрөтүңдү интернетке чыгарам» деп акча опузалаган шектүүлөр кармалды (видео)

«Жылаңач сүрөтүңдү интернетке чыгарам» деп акча опузалаган шектүүлөр кармалды (видео)

Жалал-Абад облусунда «жылаңач түшкөн сүрөттөрүңдү интернетке таратам» деп шантаж кылып, акча опузалагандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Сузак районунун 31 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында билдиргендей, былтыр декабрь айынын ортолорунда Жалал-Абад шаарында такси кылып жүрүп, бир аял киши менен таанышып, ал менен социалдык тармакта сүйлөшүп жүргөн. Бир күнү аял киши «жылаңач сүрөтүңүздү жөнөтүңүз» деп сурап, сактап алып, кийин «жылаңач түшкөн сүрөттөрүңдү интернетке таратам» деп коркутуп, акча талап кылып жүргөн. Аял киши өзүнүн дагы бир шериги менен акча талап кылуусун токтотпой, кийим-кече, үй-тиричилик буюмдарын алдырып, карыздарын төлөтүп, жалпы суммасы 187 миң сом акчасын коркутуп алышкан. Алар азыркы учурда дагы токтоп калбастан коркутуп, акча талап кылып жүргөн.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Бул ишке шектүү катары Сузак айыл аймагынын 40 жаштагы М.Н. жана Жалал-Абад шаарынын 36 жаштагы Р.М. аттуу тургуну кармалган.

«Алардан опузалап талап кылган 15 миң сом жана WhatsApp социалдык тармагында жазылган видео, аудио жана текст жазуулары алынган. Мындан сырткары, тергөөнүн жүрүшүндө кылмыш ишине Сузак айылдык кеңешинин 43 жаштагы А.А. аттуу депутаты жана Сузак айыл аймагынын 33 жаштагы А.Б. тургуну шериктеш болуп жүрүшкөндүгү такталган», — деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абад облустук милициясы жогорудагы кылмыш ишине шектүүлөрдөн жабыр тарткандарды (03722) 5 15 12 номерине кайрылусун суранат.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>