Баткенде 920 миң сомдук аткезчилик жүк ташыган жаран кармалды

Баткенде 920 миң сомдук аткезчилик жүк ташыган жаран кармалды

«Оперативдүү» бажысы контрабандалык медициналык эритмелерди кармады. Келтирилген зыяндын суммасы 900 миң сомдон ашкан. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ЕАЭБ жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү алкагында «Оперативдүү» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Баткен шаарында Кыргызстандын жараны «А.К.А.» башкаруусунда «Mercedes-Benz Sprinter» үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Унааны бажылык текшерүүдө ичинде 100 даана санында 230 куту медициналык эритмелер табылган. Жүк бажылык жактан таризделгенин тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.

Кармалган товардын жалпы салмагы 2875 кг түздү. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 920 000 сом.

Бул факт боюнча материалдар мыйзамга ылайык, маңызы боюнча чечим кабыл алуу үчүн «Түштүк-Батыш» бажысына өткөрүлүп берилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>