9 айда эң көп катталган кылмыштар: зордуктоо, адам урдоо, каракчылык

27.10.2023 | 11:10

2023-жылдын январь-сентябрь айларында өткөн жылдын ушул мезгилинде салыштырмалуу кылмыштардын саны 3,2 пайызга азайып, 33,5 миңди түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 9 айдын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылат.

Оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны 21,8 пайызга өсүп, тогуз айда 3 миң 932 факт катталган.

Кылмыштардын 72 пайызы жарандын мүлкүнө каршы жасалган. Анда 14 миң – уурулук, 7 миң – алдамчылык,  112  – каракчылык жана 119 –  акча опузалоо боюнча иш козголгон.

Маалыматка караганда, уурулук 11,2 пайызга азайып, каракчылык 3,7 пайызга көбөйдү. Көбүнчө коомдук жайларда (36 пайызы) уурулук болот.

9 айда 214 зордуктоо болуп, өткөн жылга салыштырмалуу 1,8 эсеге көп катталды.

Укук коргоо органдары адам уурдо фактысы дагы 17,9 пайызга өскөнүн белгилейт. 9 айда мындай айып менен 401 иш козголгон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top