Ишкердикти өнүктүрүү фонду микрофинансылык компанияга айландырылатЭнергетика жана курулуш: КР жана РФ өкмөт башчыларынын Екатеринбургдагы жолугушуусунун жыйынтыгыБаткенде Чек ара, Бажы жана ветеринария кызматтарынын кызматкерлери кармалды – булактарБишкек мэриясы борбордогу имараттардын жаңыланган фасаддарын көрсөттү — сүрөтКыргызстандын нефтетрейдерлери чет өлкөдөн КММ жеткирүүчү жаңы өнөктөштөрдү издеп жатышатБишкек мэриясы «Арзы Девелопмент» курулуш компаниясына 100 миң сом айып пул салды
Альпинисттик лагерден 2 адамды атып өлтүргөн күзөтчү кармала элек
08.07.2019 | 11:38
Ысык-Көлдөгү “Хан-Теңири” альпинисттик лагеринен 2 адамды атып өлтүрүп качып кетти делген Сергей Смирнов кармала элек. Бул тууралуу reporter.kg`ге облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди.
“Учурда милиция жана чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан шектүүнү кармоо үчүн бардык тийиштүү күч каражаттары тартылды. Шектүү ошол аймакты жакшы билип, мурда туристтерге жол көрсөтүп иштеп жүргөндүктөн, анын кайсыл жерде жүргөнүн аныктоо кыйын болууда”, – деди Усубакунов.
Айта кетсек, шектүү “Вепрь” үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен лагердеги жетекчинин орун басарын жана кызматкерди атып өлтүрүп, бир аялды барымтага алып качып кеткени 5-июлда кабарлаган. Кылмышкер бир күндөн кийин барымтага алынган аялды кое берген.
Рубрики: Жаңылыктар