Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Мыкты бүтүрүүчүлөргө президенттин “Алтын сертификаты” тапшырылды
08.07.2019 | 11:12
Биз, жаратылыш кен байлыктары менен эмес, элибиздин билимдүү жаштары менен өлкөбүздүн бардык тармагын өркүндөтөбүз. Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн жалпы республикалык тесттен эң жогорку упай алган мектеп бүтүрүүчүлөрүн куттуктап жатып билдирди.
Өлкө башчы өз сөзүндө, билимдүү жаштар менен өлкөбүздүн бардык тармагын өнүктүрсө болорун айтып, жаштарга жаңы билимге ээ болууда өжөрдүктү каалады.
Быйыл республика боюнча 52 бүтүрүүчү 10 миң сому бар “Алтын сертификаттын” ээси болушту. Алардын 19у өлкөнүн ар кайсы региондорунан келишкен.
Быйыл жалпы республикалык тестирлөөгө 47 440 бүтүрүүчү катышкан. Анын 60% ашыгы 110 упайдан жогору жыйынтыкка жетишкен.
Рубрики: Жаңылыктар