Бишкекте жыл башынан бери автобустар катышкан 521 жол кырсыгы катталдыКубакы ашуусу аркылуу жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө чектөө киргизилетКыргызстан менен Грузиянын парламент төрагалары Бишкекте алгачкы жолу жолугуштуӨкмөт айрым курулуш материалдарын ташып келүүгө киргизилген тыюуну алып салдыБишкекте Жедигер Саалаевдин «Кошой Закым» роман-эпосунун бет ачары өтөтСузак районунда таштанды төгүлгөнү үчүн эки мектепке 34 миң сом айып салынды
Москвада 11 адамды унаасы менен тебелетип кеткен кыргызстандык Сарбишев 16 жылга эркинен ажыратылды
24.03.2020 | 12:59
Орусияда кыргызстандык Бекжан Сарбишев 16 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Москва шаардык соту кабыл алганын орус басылмалары жазып чыгышты.
Окуя 2018-жылдын 9-сентябрында Москвада “Марьино” метросунда катталган. Анда Сарбишев карындашынын туулган күнүн белгилеп, кафеде чыгып баратып, башка мекендештер менен айтыша кеткен. Ал сыртка чыккандан кийин өзүн ур-токмокко алган деген жигиттердин тобун машинеси менен тебелетип кеткен. Унанын алдында 11 адам калып, бири каза болгон. Айыпталуучунун теги кыргызстандык, Орусиянын жараны.
Ош облусунун Өзгөн районунда туулуп өсүп, кийин Орусиянын жарандыгын алган Бекжан Сарбишевге “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар