Кыргызстанда медициналык китепчелер электрондук форматка өткөрүлөтОшто жасалма документтерге байланыштуу сырттан алынып келинген 30 миң көчөт жок кылындыАдылбек Касымалиев Ташкент инвестициялык форумуна катышуу үчүн Өзбекстанга бардыБишкекте Аалы Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилиши убактылуу жабылатИДП, инвестициялар: Минкаб башчысы акыркы беш айдагы экономикалык көрсөткүчтөрдү жарыяладыАдылбек Касымалиев «Манас» аэропортун реконструкциялоо иштери менен таанышты
Ташкентте курулуш учурунда кыйроодон 4 адам каза болуп, 2 жаракат алды
29.08.2019 | 13:37
28-августта Ташкентте курулуш жүрүп жаткан «Riviera» соода комплексинде металлоконструкция кыйрады. Анын кесепетинен төрт курулушчу каза болду, экөө жаракат алды. Бул тууралуу Өзбекстан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Министрлик калган маалыматтар кийинчерээк берилерин кошумчалаган.
Ал эми жергиликтүү маалымат булактары «Riviera» соода борбору Ташкенттин Алмазар районунда курулууда. Металлоконструкция 28-августта чак түштө кыйраган. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилери да келген.
Жаракат алган эки киши Республикалык тез медициналык жардам көрсөтүү илимий борборуна жеткирилген.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар